• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коопсуздук кеңеш: Көрсөтмө болсо Атамбаев камалат

7 Бирдин айы 2019 17:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.02.2019. Govori.TV

Бүгүн, Улуттук коопсуздук кеңешинин бир жылдык жыйынтыгы тууралуу аталган мекеменин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат берди. Ал бир жыл ичиндеги өлкөдөгү орчундуу кылмыш иштердин бети ачылганына токтолду.

“Алардын бири ЖЭБги авария боюнча тиешелүүлөргө чара көрүлдү. Дагы бир кишинин кылмыш-иши аяктай элек. Февраль айынын аягына чейин ал боюнча да чечим чыгуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары күнөөлүүлөрдүн айынан зыян келген каражаттар казынага алынды. С

Ошондой эле, мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата ачылган кылмыш-иши, Тарых музейиндеги коррупция жана Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иштерин да кошумчалап өттү. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун кылмыш иши тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.С

Мурунку мэрлердин бири Кубанычбек Кулматовдун кылмыш-иши тууралуу дагы айтып өттү.С

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишилеринин бири Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш-иш боюнча мындай деди…С

Ал эми тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү максатсыз колдонулган каражаттар боюнча дагы айтып өттү. С

Мындын сырткары депутат Аскарбек Шадиевдин кылмыш-иши тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө экс-премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун мурунку Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлбөй турганы белгилүү болду.С

Ошентип жыйындын алкагында жогорудагы жоопко тартылгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берсе, жоопко тартылуусу ыктымал экени айтылды.С

Количество просмотров: 38