• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коопсуздук кеңеш: Укук коргоо органдары Матраимовдун маалыматын угушат

25 Жетинин айы 2019 11:28 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов журналисттер тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөгө байланыштуу түзүлгөн атайын ведомстволор аралык ыкчам топ жүргүзүп жаткан тергөөгө чакырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Иштин материалдары УКМКга өткөрүлүп берилген. Ошондуктан Матраимов сотко чейинки иш-чаранын алкагында журналисттердин материалдарына карата өз жүйөөсүн келтирүү үчүн келиши мүмкүн, — деди Дамир Сагынбаев.

Ал белгилегендей, «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын акыркы жарыялоолосу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында белгисиз адамдар бир нече жолу Айеркен Саймаитини өлтүрөбүз деп коркутушкан. Ошондуктан ал Түркияга качып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоо органдары төмөнкүдөй маалыматтарды беришти.

«Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2019-жылдын 22-ноябрында жогоруда көрөтүлгөн фактыны текшерүү максатында КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренелеринде каралган кылмыш белгилери боюнча (адам өлтүрүүгө ниеттенүү) материалдарды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алган.

Кечээ, 2019-жылдын 24-ноябрында аталган кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүш УКМК тергөө башкармалыгына тапшырылды жана ошол эле күнү Башкы прокуратура тарабынан курамына УКМКнын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жана ИИМдин тергөөчүлөрүнөн турган ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлдү. Азыркы кезде кылмыш иши боюнча зарыл болгон бардык ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп баса белгиледи Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Айеркен Саимаити Кыргыз Республикасынын жараны эмес экенин Дамир Сагынбаев өзгөчө баса белгиледи.

«Мурдараак укук коргоо органдары маалымдагандай, Айеркен Саимаити мыйзамсыз түрдө Эркин Самятовдун атына паспорт жана ID-картаны алган. Ал бул документтерди Мамлекеттик каттоо кызматынын Сузак району боюнча түзүмдүк бөлүмүнөн 2014-жылы алган. Бул факты 2019-жылдын июлунда ачыкталган. Күнөөлүү тарап — Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери экени да аныкталган. Азыр кылмыш иши Сузак райондук сотунун кароосунда турат. 2019-жылдын сентябрында Айеркена Саимаитиге байланыштуу материалдар Кыргыз Республикасынын жаранынын паспо тун мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча (КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси) өзүнчө өндүрүшкө алынган», — деп баса белгиледи ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле «Азаттыктын» биринчи иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 700 млн АКШ долларынын өлкөдөн ар түрдүү банктар аркылуу чыгарылып кеткени боюнча материалдарды үстүбүздөгү жылдын июнь айында КР Кылмыш-жаза кодексиинин 215-беренесинде каралган (кылмыштуу кирешелерди адалдоо) кылмыш белгилери боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын белгиледи.

«Финансы полициясы тарабынан Айеркен Саимаитинин которуулары боюнча документтери алынган. Андан кийин салык инспекциясы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Айеркен Саимаитинин иши боюнча 2013-2017-жылдар үчүн 2 млрд 602 млн сом кошумча түрдө киреше салыгын төлөтүү чечими чыккан. Август айында салыктарды төлөөдөн качканы боюнча Айеркен Саимаитиге байланыштуу материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Августтун аягында Айеркен Саимаити Кылмыш жана жаза кодексинин 231- беренесинде каралган (өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартуу) кылмышты жасаган деп шектелгендиги жөнүндө сыртынан эскертүү чыккан жана Биринчи май райондук сотунун (5.09.2019-ж.) токтому менен ага карата камакка алуу (сыртынан) чарасы тандалып алынган», — деп белгиледи Дамир Сагынбаев.

Белгилүү болгондой, учурда бардык жагдайды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө аракеттери жүрүп жатат. Иликтөө ар тараптуу жана объективдүү болуш үчүн аталган факт боюнча кандайдыр бир маалыматы бар адамдардын жана «Азаттык», «ОССRP» жана «Kloop» маалымат агенттиктеринин иликтөөсүндөгү фигуранттардын катышуусунда жүргүзүлөт.

Түркиянын Стамбул шаарында 2019-жылы 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы буга чейин Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Количество просмотров: 120