25 жашында дүйнөдөн өткөн Айтурган Маматкулованын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Азаттык жазды.
Биринчи соттук отурум 21-октябрда өтөт. Бул тууралуу Маматкулованын апасы Гүлшайыр Сеитова Азаттыкка билдирген.
Айтурган Маматкулова 7-июлда каза болгон. Анын күйөөсү өз өмүрүнө кол салып, дары ичкендигин билдирген. Маркумдун жакындары кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгонун, буга чейин да зордук-зомбулук көрсөтүп келгенин айтышкан.
Маркумдун жолдошу кылмышка шектүү катары август айынын аягында тергөө абагына кармалган.