• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коопсуздук кеңеши өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүүнү сунуштады

31 Жалган куран 2020 17:27 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-мартта Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын чакан курамда өткөрдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча өкмөткө бир катар сунуштар киргизилди. Алардын катарында бейтаптарды коронавирус инфекциясынан дарылап жаткан ооруканаларга, обсервацияларга, санитардык посттордун ишине тартылган дарыгерлердин жана медициналык орто персоналдын ишмердүүлүгүнө дем берүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында аларга бир жолку материалдык сый акы төлөө маселеси бар.

Ошондой эле өзгөчө абал жарыяланган калктуу пункттарга эң зарыл болгон товарларды жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдү жеткирүү жана ишке ашыруу алгоритмин иштеп чыгуу сунушталды. Ошол эле мезгилде муктаждардын тизмесин катталган жерине эмес, жашаган жерине карап түзүү зарыл.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңеши тарабынан премьер-министрге өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын киришин алдын алуу боюнча жетишсиз иштери үчүн өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө чара көрүү сунушу киргизилди.

Количество просмотров: 183