• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров: Бирөө бизге карата агрессия көрсөтсө, биз тийиштүү жооп берүүгө даярбыз

13 Кулжа 2023 10:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнда Мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат.

Президенттин айтымында бийлик өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну улантууга ниети бар экенин айтып, Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө экенин жана эч бир мамлекетке кол салуу максатын көздөбөй турганын баса белгиледи.

«Кандай гана чыр-чатактар болбосун, аларды алдын алууга же дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Дал ушул принципти биз өлкөнүн ички жана тышкы саясатында карманабыз. Бирок, ошол эле учурда кимдир бирөө бизге карата агрессия көрсөтсө, анын кесепетинен жарандарыбыз өлүп, инфраструктура кыйраса, биз унчукпай карап турбайбыз, биз тийиштүү жооп берүүгө даярбыз»,-деди президент.

Количество просмотров: 62