Бишкектин шаардык соту массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналган деген шек менен кармалган Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди 20-февралга чейин камакта калтырды.
Ушундай эле чечим Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Марат Баязовго чыкты.
Кыргызстанда «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.