• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коопсуздук кеңешинин жаңы курамы бекитилди (тизме)

25 Баш оона 202112:21 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.

Бул Жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:

  • Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
  • Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары;
  • Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  • Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.

Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:

  • Жогорку Кеңештин төрагасы;
  • Министрлер кабинетинин төрагасы;
  • Президенттин администрация башчысы;
  • мамлекеттик катчы;
  • башкы прокурор;
  • коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
  • ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
    улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
Количество просмотров: 663