• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кордайда автобус аласалып 11 киши көз жумду

20 Чын куран 201913:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.04.2019.Govori.TV.

Казакстанда эл ташыган автобус аласалып кетип, 11 киши көз жумду. Бул тууралуу республиканын Ички иштер министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Каза болгондордон тышкары, 29 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алган.

«20-апрель күнү таңкы саат 5.00дө Жамбыл облусунун Кордай районунда Алматы — Ташкент унаа жолунда бара жаткан автобус кырсыкка учурады. Ал жол жээгинде токтоп турган жүк жашуучу унаадан буйтайм деп аласалып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерде 8 адам көз жумуп, 32 киши оорукага жеткирилген. Ал жактан дагы үчөө каза болду.

Количество просмотров: 15