• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Корея парламенттин жыйындар залын жабдууга 8 млн. долларлык техникалык көмөк көрсөтөт

20 Бештин айы 2021 11:58 Бишкек Govori.TV

Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине IT-инфраструктурасын модернизациялоо жана санариптештирүү үчүн гранттык негизде 8 миллион АКШ доллары өлчөмүндө техникалык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореядан келген IT-технология боюнча эксперттик топ менен жолугушкан. Анда Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  Ли Жонгсу долбоор боюнча маалымат берип жатып, ал үч баскычта ишке ашаарын түшүндүрдү. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйындар залдарын техникалык жактан камсыз кылуу, орнотулган техникаларды системалаштыруу, программалоо жана IT-техникалык жабдыктарды иштетүү үчүн адистерди даярдоо.   Бул долбоор 2023-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

Өз кезегинде Алмазбек Сабырбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэге жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Жонгсуга ыраазычылык билдирип, аталган долбоор парламент менен карапайым калктын ортосундагы байланышты жакшыртып, парламенттин демократиялык багытта өнүгүшүнө зор өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 219