• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кореяда комада жаткан кыргызстандык жаран каза тапты. Жакындары изделип жатат

2 Бирдин айы 2018 15:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.02.2018.Govori.TV.

Сеулдагы улуттук медициналык борбордо комада жаткан Валерий Кан аттуу кыргызстандык жаран каза тапты. Бул туурасында КРдин Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн берген маалыматына караганда, 41 жаштагы адамдын абалы оор, болуп ооруканага түшкөн. Карай келгенде жанында паспорту жок болуп чыккан. Элчилик социалдык тармактагы баракчасына анын Түштүк Кореяда катталган документин жайгаштырган.

Элчилик анын жакындары же тааныгандар бул маалыматты эгерде угуп, окуп калса 023790951 жана 023790952 номерлери менен байланышууну өтүнүшкөн.

Количество просмотров: 5