• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Коркуп жатышат». Атамбаев аңдуулар боюнча комментарий берди

8 Кулжа 202215:34 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешин депутаты Сеид Атамбаев  анын артынан аңдуулар болуп жатканы боюнча комментарий берди.

«Артыман аңдуулар өткөн аптада болгон. Бирок ким, эмне үчүн аңдып жатканын мен билбейм. Арашан, Кой-Таш дегенде бийлик чочуп турат. Өйдө жактагы айылдар калаага жакын, митинг уюштурат деген коркуулар болушу мүмкүн. Ошол себептен аңдуулар болуп жатат»,-деди депутат.

Эске салсак, 3-июнда депутат Сеид Атамбаев анын артынан аңдуулар болуп жатканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жазып, себебин түшүндүргөн эмес.

Количество просмотров: 2833