Коронавирус жуктурган 10 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Ал белгилегендей, учурда 284 адам бейтапканаларда дарыланууда.
«10 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 52 бейтаптын абалы орточо оор. 222 бейтаптын абалы канааттандырарлык», — деди Акматова.