• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, анын төртөө реанимацияда жатат

7 Бугу 2020 10:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 246 адам бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал белгилегендей, коронавирус жуктурган 7 адамдын абалы оор, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат. 23 бейтаптын абалы орточо оор. 176 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-майга карата коронавирус жуктурган 24 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ти түзөт. Алардын ичинен 637 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Количество просмотров: 82