Кыргызстанда «Граф Токмакский» каймана аты менен таанымал миллиардер Алижан Ибрагимов Бельгияда каза болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ал коронавирустан улам көз жумган. Ал Токмок шаарында жерге берилет. Анын абалы начарлаганда, ал Бельгияга дарылануу үчүн кетип, кийин ошол жерде көз жумган.
Ибрагимов 1953-жылы 5-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлгөн. Токмок шаарында жашаган. Ачык булактарда анын 6 баласы бар экени айтылып келет. 2020-жылдын октябрь айына карата, «Forbes Kazakhstanдын» маалыматы боюнча, Ибрагимовдун байлыгы 900 миллион долларды түзгөн.