Борбордук шайлоо комиссиясында элдин шайлоо боюнча суроолоруна жооп берчү колл-борбор иштей баштады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, колл-борбор жарандарга шайлоо процесси жана добуш берүүдөгү эрежелер тууралуу маалымат берүү максатында ачылды. Элдин шайлоо боюнча суроолоруна телефон аркылуу БШК кызматкерлери жооп берет.
Ага ылайык, президенттик шайлоо жана референдум боюнча консультация же суроолоруна жооп алуу үчүн кыргызстандыктар 1255 кыска номерине чалса болот.