• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус 14 адамдан аныкталып, 2 бейтап көз жумду

24 Бирдин айы 20229:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 24-февралга карата коронавирус 14 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 9, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 137 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 8 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 402 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 664 киши айыгып чыкса, 2 миң 950 адам каза болду.

Количество просмотров: 80