• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: 16 адамдын абалы оор, төртөө жандандыруу бөлүмүндө

2 Кулжа 2020 10:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бүгүн, 2-июнга карата коронавирус оорусун жуктургандардын саны 1845 адамга жетти. Бул тууралуу эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 609 адам дарыланып жатат. 16 бейтаптын абалы оор, алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүндө.

«Ооруканадагы 81 бейтаптын абалы орто оор деп бааланып жатат. Калган 512 адамдын абалы канааттандырарлык», — деди ал.

Бүгүнкүгө карата ооруканадан 1219 адам чыгарылды. Коронавирус аныкталгандан кийин 17 адам каза болгон.

Количество просмотров: 111