Кыргызстанда 23-июнга карата коронавирус жуктурган дагы 163 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 94 адам;
— Чүй облусунда 22 адам;
— Ош облусунда 9 адам;
— Ош шаарында 16 адам;
— Жалал-Абад облусунда 13 адам;
— Талас облусунда 1 адам;
— Нарын облусунда 7 адам;
— Баткен облусунда 1 адам.
Кыргызстанда илдетти жуктургандардын саны 3519га жетти.