Кыргызстанда 12-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 21 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1037 адамга жетти.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 10;
— Чүй облусунда 1;
— Жалал-Абад облусунда 3;
— Нарын облусунда 7.