Бир суткада өлкөдө дагы 222 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 102 адам;
— Ош шаарында 5 адам;
— Чүй облусунда 10 адам;
— Ош облусунда 27;
— Талас облусунда 4;
— Нарын облусунда 12;
— Ысык-Көл облусунда 23;
— Жалал-Абад облусунда 25;
— Баткен облусунда 14 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 39 миң 648 адам коронавирус жана пневмониядан айыкты.