• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Коронавирус 23 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду

4 Жалган куран 2022 9:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 4-мартка карата коронавирус 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 11, Чүй облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 4, Баткен облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 63 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 163 бейтап, амбулатордук түрдө 366 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 599 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 531 киши айыгып чыкса, 2 миң 962 адам каза болду.

Количество просмотров: 61