Кыргызстанда сутка ичинде 23 бейтап коронавирустан айыгып ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
«Коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында –10, Чүй облусунда — 8 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 345ке жетти», — деди министр.