Кыргызстанда коронавирус жуккан 26 жаңы учур катталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Республика боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын жалпы саны 795ге жетти.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 14;
— Баткен облусунда 1;
— Чүй облусунда 9;
— Ош облусунда 2.