• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Коронавирус: 27 жаңы учур катталып, 1 бейтап көз жумду

1 Жалган куран 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-мартка карата коронавирус 27 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы учурлар:

  • Бишкек шаарында – 16;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 2.

Акыркы суткада 113 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 173 бейтап, амбулатордук түрдө547 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 527 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 274 киши айыгып чыкса, 2 миң 958 адам каза болду.

Количество просмотров: 44