Бир суткаичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 278 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта онлайн брифингде коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 104 адам;
— Ош шаарында 19 адам;
— Чүй облусунда 21 адам;
— Ош облусунда 34 адам;
— Ысык-Көл облусунда 17 адам;
— Жалал-Абад облусунда 40 адам;
— Баткен облусунда 27 адам;
— Талас облусунда 3 адам;
— Нарын облусунда 13 адам.
Кыргызстанда жалпы 40 миң 455 бейтап коронавирус менен катталды.