30-июнга карата өлкө аймагында дагы 279 киши коронавирус жуктурду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 182 адам;
— Чүй облусунда 36 адам;
— Ош облусунда 1 адам;
— Ош шаарында 1 адам;
— Жалал-Абад облусунда 7 адам;
— Баткен облусунда 9 адам;
— Нарын облусунда 10 адам;
— Ысык-Көл облусунда 18 адам;
— Талас облусунда 15 адам.
Ушуну менен Кыргызстанда COVID аныкталган учурлардын саны 5 296га жетти.