Өлкө боюнча 15-майга карата коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы 29 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 6;
— Чүй облусунда 4;
— Ош шаарында 4;
— Жалал-Абад облусу 2;
— Нарын облусунда 11;
— Ысык-Көл облусунда 1;
— Ош облусунда 1.
Ушуну менен республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 1111 ге жетти.