Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 304 кыргызстандык сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 18;
Чүй облусу – 30;
Ош шаары – 27;
Ош облусу – 54;
Талас облусу – 13;
Нарын облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 39;
Жалал-Абад облусу – 62;
Баткен облусу – 41.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 622ге жетти.