4-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 327 учур катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 149 адам;
— Чүй облусунда 65 адам;
— Ош облусунда 8 адам;
— Ош шаарында 45 адам;
— Жалал-Абад облусунда 8 адам;
— Баткен облусунда 12 адам;
— Нарын облусунда 22 адам;
— Талас облусунда 1 адам;
— Ысык- Көл облусунда 17 адам.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 7094гө жетти.