Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 329 бейтап айыкты. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 29 киши, Ош шаарында – 33, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 62, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда 31 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 951ге жетти.