22-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктурган 37 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 6 адам + Санкт-Петербургдан келген 3 адам;
— Чүй облусунда 1 адам (Соль-Илецктен келген);
— Нарын облусунда 21 адам;
— Ош облусунда 6 адам.
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1350 адамга жетти.