Кыргызстанда 29-ноябрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жаңы учур:
Эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 64 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 430 бейтап, амбулатордук түрдө 463 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 258 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 112 киши айыгып чыкса, 2 миң 743 адам каза болду.