Бүгүн, 24-майга карата Кыргызстанда дагы 38 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 5 адам + 1 Санкт-Петербургдан келген адам, курсанттар;
— Чүй облусунда 1 адам + Соль-Илецктен келген 3 адам;
— Ош облусунда 2 адам;
— Жалал-Абадда 1 адам;
— Баткен облусунда 1 адам;
— Нарын облусунда 25 адам.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1403 адамга жетти.