Кыргызстанда 5-декабрга карата коронавирус дагы 42 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
Ал эми бир суткада 52 адам илдеттен сакайып чыгып, эмдөө албагандар арасында бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 380 бейтап, амбулатордук түрдө 392 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 615 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 602 киши айыгып чыкса, 2 миң 758 адам каза болду.