Кыргызстанда 10-августка карата коронавирус дагы 471 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 6 бейтап каза болду.
Ал эми бир суткада 995 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.