Кыргызстанда 27-январга карата коронавирус 479 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар:
Акыркы суткада 629 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1044 бейтап, амбулатордук түрдө 6 миң 501 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 81 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 167 киши айыгып чыкса, 2 миң 862 адам каза болду.