• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Коронавирус: 488 жаңы учур катталды

13 Теке 202010:17 Бишкек Govori.TV

13-июлга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 488 учур катталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 265 адам;

— Чүй облусунда 37 адам;

— Ош облусунда 26 адам;

— Ош шаарында 45 адам;

— Жалал-Абад облусунда 51 адам;

— Баткен облусунда 43 адам;

— Нарын облусунда 4 адам;

— Ысык-Көл облусунда 15 адам;

— Талас облусунда 2 адам.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 11 миң 117 адамга жетти.

Количество просмотров: 256