• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Коронавирус: 5 бейтап каза болуп, 228 адамдан жаңы табылды

23 Баш оона 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-августка карата коронавирус дагы 228 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар:

Бишкек — 152;

Ош шаары — 1;

Чүй облусу – 27;

Ош облусу – 0;

Талас облусу — 9;

Нарын облусу — 3;

Ысык-Көл облусу – 26;

Жалал-Абад облусу – 8;

Баткен облусу — 2.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 5 бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 394 адамга жетти. Бүгүнкү күндө стационарда 1375 жана амбулатордук түрдө 2159 адам дарыланып жатат.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 174 148 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 166 702 бейтап айыккан. Илдеттен каза болгондордун саны 2489га жетти.

Количество просмотров: 92