Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлардын саны 54кө жетти. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек — 26
Чүй облусу – 10
Ош облусу — 5
Нарын облусу — 4
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу — 1
Муну менен коронавирус жугузуп алгандардын саны 86 410 адамга жетти.