Бир сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Республикалык штабдан билдиришти.
Каза болгондор:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 3 жаран — 37, 57 жаштагы 2 эркек адам, 58 жаштагы аял киши;
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 57 жаштагы аял киши;
Ат-Башы аймактык ооруканасында 64 жаштагы аял киши;
Жайыл аймактык ооруканасында 2 жаран — 36, 52 жаштагы эркек адамдар.
Өлкөдө коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 132 адамга жетти.