31-августка карата Кыргызстандын аймагында COVID-19 U07.1 жана U07.2 диагнозу 78 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 18 адам;
— Ош шаарында 1;
— Чүй облусунда 10;
— Ош облусунда 6;
— Талас облусунда 2;
— Нарын облусунда 4;
— Ысык-Көл облусунда 14;
— Жалал-Абад облусунда 11;
— Баткен облусунда 12.
Пандемия башталгандан бери жалпы 43 миң 898 адам коронавирус жуктурду.