• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Коронавирус: 9 адамдын абалы оор

8 Чын куран 202010:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус аныкталган 9 адамдын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде эртең мененки онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, 9 адамдын бешөө жандандыруу бөлүмүндө, алар жасалма дем алдыруучу аппартка туташтырылды. Ошондой эле ал бүгүнкү күндө обсервацияларда 10070 адам бар экенин, алардын ичинен 439 адам үй карантинге алынганын кошумчалады.

8-апрелге карата Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталып, муну менен бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти.

Количество просмотров: 309