• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Коронавирус: 9 учур катталып, 1 бейтап каза болду

2 Чын куран 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2-апрелге карата Бишкек шаарында коронавирус 9 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бир күндө 7 адам илдеттен сакайып чыгып, бир киши каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 90 бейтап, амбулатордук түрдө 55 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 955 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 233 киши айыгып чыкса, 2 миң 990 адам каза болду.

Количество просмотров: 129