Акыркы суткада 958 адам коронавирус жуктуруп, 1 485 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 161 973кө жетти. Анын ичинен 142 984 бейтап айыкты.
30-июлга карата 10 бейтап COVID-19 диагнозунун кесепетинен каза тапты.
Алар:
— Бишкек шаарында — 5;
— Жалал-Абад облусунда — 1;
— Чүй облусунда — 4 адам.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 2311адам коронавирус менен пневмониядан айыга электе көз жумган.
Азыркы тапта стационарда 3 888, ал эми амбулатордук шартта 11 483 адам дарыланып жатканы айтылды.