• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коронавирус: Абактарда чектөөлөр киргизилүүдө

8 Баш оона 2022 12:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын түзөтүү мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилип жатат. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында COVID-19 жана пневмония учурларынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги жазык-аткаруу тутумунун бардык мекемелеринин иштөө тартиби боюнча буйрук чыгарды.

Документке ылайык, тиешелүү жетекчилерге буйрук кылынат:

— ишенип берилген бөлүмдөрдө эпидемияга каршы режимди сактоо иштерин кайра баштоого, дезинфекциялоо иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө;

— кызматка кирүү алдында кызматкерлерди күн сайын текшерүү жана термометрия жүргүзүүгө;

— медициналык беткаптарды милдеттүү түрдө кийүүнү жана колду дезинфекциялоочу каражаттар менен чайкоого;

— социалдык аралыкты сактоо жана жамааттык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууга;

— кызмат өтөө учурунда да, андан кийин да кызматкерлер тарабынан кызматтык тартипти жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузуу фактыларына жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө.

«Буйрук темир тор артында отурган жарандарга жана алардын жакындарына да тиешелүү. Мисалы, тергөө изоляторуна киргизилген адамдар экспресс-тест же ПЦР анализи терс болсо гана кабыл алынат. Соттолгондорду көрүүгө келген жакындарынан ден соолугунун абалы боюнча ошол эле медициналык документтер талап кылынат. Андыктан биолабораториядан тиешелүү маалыматкатты күн мурунтан алууга кам көрүңүздөр», — деп айтылтат маалыматта.

Белгиленгендей, тез бузулуучу тамак-аш азыктары менен посылкаларды кабыл алуу чектелет, термикалык жана дезинфекциялык кайра иштетүүдөн өтө турган гана азык-түлүктөр кабыл алынат.

Ошондой эле коронавирустук инфекциянын жоктугун тастыктаган документтер ЖАКнын мекемелерине расмий себептер менен келген башка категориядагы адамдарга, мисалы адвокаттарга да керек болот.

Мындан тышкары, пандемиялык кырдаалдын мурдагы курчушу учурундагыдай эле ден соолукту сактоо үчүн массалык маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, эл аралык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн атайын мекемелерге баруусу чектелет.

Количество просмотров: 321