• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Коронавирус: «Ак илбирс» сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылды

3 Чын куран 202012:31 Бишкек Govori.TV

«Ак илбирс» киносыйлыгын тапшыруу аземи белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен кабарлашты.

Маалым болгондой, сыйлык тапшыруу аземи 25-апрелге пландалган. Бирок өлкөдө коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды.

«Сыйлык тапшыруу аземи качан өтөрү кийинчерээк айтылат. Ага даярдык иштери план боюнча жүрүп жатат», — деп жазылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, «Ак Илбирс» — мыкты кинематографисттерди сыйлоо үчүн жыл сайын өтө турган иш-чара болуп саналат.

Количество просмотров: 98