• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Прокурор келбей койгондуктан Канышай Мамыркулованын соту башка күнгө жылды

14 Бугу 202511:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда Октябрь райондук сотунда белгилүү журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок, айыптоочу сотко келбей калгандыктан отурум 21-майга жылдырылды.

«Канышай Мамыркулова ооруйт эртерээк бошотуп берсеңер болмок, айыптоочу отурумдү үзгүлтүккө учуратып жатат. Эмне себеп болду келбегенге? Прокуратуранын жетекчилиги алардын ишин тариздеш керек болчу. Сотту жана катышуучуларды сыйлоо керек. Прокуратурага бул боюнча жеке аныктама берүү керек», — деди жактоочу.

Маалымдалгандай, прокурор семинарга кетип, бүгүнкү отурумга келген эмес.

Ал эми журналист Канышай Мамыркулова мамлекеттик айыптоочунун бул мамилесин ага карата жасалган басым деп эсептей турганын айтты.

Сот прокуратурага тийиштүү кат жолдоно турганын айтып, эмки отурумга камсыз кыла турганын белгиледи.

«Камсыз кылгында менин тагдырым кандай болот? Башкы прокурор баш болуп коомчулукка жооп бериш керек», — деп кайрылды Мамыркулова сотко.

Натыйжада сот отуруму 21-майга саат 15:30га белигенди.

Эске салсак, 30-апрелде Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы камакта калтырды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы журналистке козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, райондук сотко өткөрүп берген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Канышай Мамыркулованы 20-мартта кармап кеткен. Свердлов райондук соту аны 19-майга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алып, 9-апрелде Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Шаардык милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренелери менен айып койгон.

Количество просмотров: 414