• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Коронавирус: АКШдагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелери каралды

17 Чын куран 2020 22:11 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 17-апрелинин кечинде КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча Орунбасары Д.Хейл менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти маалымдайт.

Дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылып жаткан шарттарында кызматташуу маселелери талкууланды. Министр Ч.Айдарбеков тарабынан АКШдагы Кыргызстандын жарандарынын абалын жеңилдетүү маселелерин, анын ичинде, мектеп окуучулары менен студенттердин денсоолугун коргоо үчүн шарттарды түзүү маселесин, визалардын колдонуу мөөнөтүн кайтарымсыз негизде узартууга америка тарабынын көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо суранычы билдирилди. 

COVID-19 вирусунун жайылышына каршы турууда Кыргызстанга USAID линиясы боюнча көрсөтүлгөн жана күтүлгөн жардамдар позитивдүү өңүттө белгиленди. Эки өлкөнүн медициналык мекемелеринин жана Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосундагы түз байланыштарды жөнгө салуу зарылчылыгына көңүл бурулду. Тараптар эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин чечүү үчүн туруктуу жумушчу байланыштарды камсыздоону улантышат.

Количество просмотров: 47