6-ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунун кесепетинен дагы 3 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Бишкек шаарында дарыланып жаткан.
Белгилей кетсек, өлкөдө коронавирус жана пневмония аныкталгандан кийин көз жумгандардын жалпы саны 1170 адамга жетти.