Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель карантинден кийин жумушуна кайтты. Бул тууралуу «Reuters» басылмасы канцлердин расмий өкүлүнө шилтеме берүү менен маалымдады.
Меркель карантинде болуп, үйүндө иштеп жаткан. Анткени ага эмдөө жүргүзгөн дарыгерден коронавирус аныкталып, ал 20-мартта карантинге алынган. Меркель бир нече жолу тест тапшырып, жумушуна кайтып барды.